Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУнун курама командасы көгүлтүр көлдүн жээгинде

Б.Осмонов атыдагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курама командасы программага камтылган спорттун түрлөрү боюнча 21-июндан бери Кыргыз бермети Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети менен биргеликте мугалимдердин сергек жашоо образын калыптандыруу, эс алуусун камсыздоо максатында уюштурган республикалык "Ден соолук-2021" спартакиадасына катышууда.

“Спорттун түрлөрү боюнча мелдештер атаандаштыкта, кызыктуу өтүүдө” - дейт ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Минавар Маткаримова.

Университеттин окутуучулары программадагы спорттун бардык түрүнөн оюндарга катышып жатышат. Бүгун ОШМУнун командасы менен волейбол боюнча беттешип, 2-0 эсеби менен ЖАМУнун командасынын пайдасына аяктады. Спартакиада 27-июнга чейин уланат. Катышуучуларга ийгилик каалайбыз!!!  Эсте калаарлык , көнүлдүү эс алуулар коштосун!.

Кесиптик бирлик ар бир мүчөсүнүн ден соолугу үчүн кам көрөт!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова