Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУда жаңы Конституциянын долбоору талкууланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго ЖКнын экс-депутаты Казыбек Шаймбетов, Коституциялык кеңешменин мүчөсү, жазуучу Чолпонбек Абыкеев, Коституциялык кеңешменин  мүчөсү Кадыр Кошалиев жана коомдук талкуу боюнча лидерлер, жергиликтүү коомдук активисттер, жергиликтүү  Кеңештин депутаттыгына  талапкерлер катышышты.

Коституциялык кеңешменин мүчөлөрү жаңы Конституциядагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды айтышып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы Конституциянын долбоору талкууланып, сунуштар айтылды.

 

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова