Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ: Жамааттык келишим күчүнө кирди

2021-2023-жылдар үчүн Б.Осмонов атындагы Жадал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен эмгек (кызматкерлер жана студенттер) жамаатынын ортосундагы эки тараптуу жамааттык келишим  профкомдун кеңешмесинде каралып, бардык баштапкы уюмдардын жетекчилери аркылуу жамааттын талкуусуна таркатылып, талкууга коюлган. Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу  профсоюз мүчөлөрүнүн жалпы жамаатык жыйынын өткөрүүгө уруксаат берилбегендиктен, долбоор боюнча сын-пикирлер, кошумча сунуштар баштапкы профсоюз уюмдарында каралып, протоколдордун көчүрмөлөрү алынган. Ал эми жумуш берүүчү жетекчилик тарапка: ректорго, проректорлорго, адистер бөлүмүнүн  башчысына, пландоо-экономика бөлүмүнүн башчысына, фаультеттердин декандарына, колледждердин директорлоруна, ЖАМУнун юристине таркатылып, талкууга берилген.

2021-жылдын  2-апрель күнү ЖАМУнун Окмуштуулар кеңешинде 2021-2023-жылдар үчүн Б.Осмонов атындагы Жадал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен эмгек  жамаатынын ортосундагы эки тараптуу жамааттык келишим каралып, бир  добуштан колдоого алынды жана биринчи тараптан   жумуш берүүчү окуу жайыбыздын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усенов  менен экинчи тараптан  эмгек жамаатынын атынан кызматкерлердин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Ш.Маткаримовалар кол коюшуп, жамааттык келишим күчүнө кирди.

Профсоюз – эки тараптуу байланышты жана маалыматты камсыз кылган уюм!

 

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова