Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ: Профсоюз уюмунун кезектеги кеңешмеси

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профкомунун кезектеги кеңешмеси болуп, ага ЖАМУнун Эмгекти коргоо, техникалык коопсудук жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы А.К.Абдыкалыков катышты.

Күн тартибинде катышуучулар Кыргыз Республикасынын билим бербүу жана илим кызаткерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин 2021-жылдын 2-апрелиндеги №22 каты менен тааныштырылып, "28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү" майрамына карата иш-чараларды уюштуруу маселеси талкууланды. Бардык баштапкы профсоюздук уюмдарда эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча жумалык жарыяланып, жалпы форумда жыйынтыкталсын деген токтом чыгарылды.

Ал эми ущул токтомдун экинчи пункту менен ЖАМУнун профкомунун “Укуктук маселе, эмгек, эмгекти коргоо жана коопсуздук“ боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү кирген жана жамааттык өкүлчүлуктүн мүчөлөрүнөн турган биргелешкен коомдук комиссия түзүлүп, эмгек китепчелери боюнча мониторинг жүргүзүүнүн милдеттери белгиленди.

Ошондой эле техникалык коопсуздук шарттарынын сакталышы боюнча ЖАМУнун “Эмгекти коргоо, техникалык коопсудук жана жарандык коргонуу” бөлүмү менен биргеликте рейд уюштурулуп, форумда жыйынтыктоо сунушу кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Н.Баитова