Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ менен АКШнын Миссори университетинин ортосунда кызматташуу

2021-жылдын январь айында АКШнын Миссори университетинин Эл аралык программалар боюнча проректору Мари Стегнмайер ЖАМУга келип, университетте, Эл аралык бөлүмдө жана Америка Ордосу ресурстук борборунда аткарылып жаткан иштер менен таанышып, эки университет ортосунда өз-ара кызматташуу боюнча кызыкдар экендигин билдирип кеткен. 29-мартта Америка Ордосунун координатору Миссори университети менен Facebook Live платформасы аркылуу ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамы менен студенттер үчүн түз эфир  уюштурду. Онлайн жолугушууга Миссори университетинин Эл аралык программалар боюнча проректору Мари Стегнмайер, Азия иштери боюнча борбордун директору Санг Ким, жана ошол бөлүмдүн кызматкерлери Аманда Карр, Лесли Сапп, ЖАМУнун Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Гулнура Маткалыкова, ошондой эле окутуучулар, студенттер жана Жалал-Абад шаарындагы башка жогорку окуу жайлардын кызматкерлери катышышты. Америкалык кесиптештер биздин окутуучулар жана студенттер үчүн Миссори университетинде күтүлүүчү мүмкүнчүлүктөр, тажрыйба алмашуу, программалар боюнча презентация жасашты.

Жыйынтыгында ЖАМУ менен Миссори университетинин ортосунда кызматташуу боюнча сунуштар айтылды, жана долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча макулдашылды.  

 

 

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова