Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ: МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин аспирантура, докторантура, магистратура жана PhD  докторантура бөлүмү жана “Ветеринардык медицина” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын академиги Ильяс Ботбаевдин 90-жылдык мааракесине арналган «Айыл чарбасы: мал чарбачылыгынын актуалдуу маселелери жана өнүгүү келечеги» аталышында илимий-практикалык онлайн конференция өткөрдү. Конференцияга Кыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери айыл-чарба, илим доктору профессор Т.Ж. ТурдубаевКыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун улук илимий кызматкери К.Э.Имановилимий иштер боюнча проректор К.С. Алыбаев, “Ветеринардык медицина” кафедрасынын башчысы айыл-чарба, илим кандидаты доцент Б.С.Орозбаев жана кафедранын окутуучулары, студенттери  катышышты. Куттуктоо сөздөр айтылып, академик Ильяс Махмудович Ботбаевдин  өмүр жолу, илимий эмгектери, Кыргызстандын мал чарбасынын өнүгүүсүнө кошкон эбегейсиз эмгектери тууралуу мазмундуу баяндамалар  жасалды.

1-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевдин эт-май-жүн багытындагы куйруктуу кой породасын чыгаруудагы салымы” - Кыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери, а.-ч.и.д., проф. Т.Ж.Турдубаев;

2-баяндама: “Сохранение генофонда Алайской породы овец” - Кыргыз мал чарба жана жайыт илим–изилдөө институтунун улук илимий кызматкери К.Э.Иманов;

3-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевдин өмүр баяны жана анын илимий иш-аракеттери” – а.-ч.и.к., доцент Б.С.Орозбаев;

4-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевди эскерүү” - Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ага окутуучусу А.Эркинбаева 

5-баяндама: “Академик И.М.Ботбаевдин окуган институту – илимге чыйыр салган жол” - Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенти Э.Масиркулов   

 

Маалыматты даярдаган:  ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова