Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ: Күзгү ишембилик

«Тазалык – ден соолуктун булагы» - деп бекеринен айтылбаса керек. Күздүн келиши менен табигаттын өзгөчө бир кооздугу ачылып, тирүүлүктүн жашоо нугунда да жаңы өңүттөр жаралып, эмгек күч алды. Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бийликтин демилгеси менен тазалыктын күзгү үч айлыгы жарыяланып, 18-сентябрь  күнү биринчи ишембилик старт алды.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу имараттары  шаарыбыздын дээрлик бардык кичи шаарчаларында жайгашкандыктан, окуу жайдын структуралык түзүмдөрүнүн, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилеринин биргелешип уюштуруусу менен сабактан сырткаркы убакта, атайын түзүлгөн график менен профессордук-окутуучулук курам, студенттер, көмөк көрсөтүүчү кызматкерлер жапа тырмак ишембиликке чыгышты. ЖАМУнун  окуу имараттарынын айлана чөйрөсү, шаардын көчөлөрү, арыктар тазаланып, таштандылардан арылтылды. Ишембилик уюшкандыкта өтүп, кесиптик бирлик комитети ишембиликке активдүү катышкандыктары үчүн мугалимдерге, студенттерге ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова