Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ Казань федералдык университети менен кызматташат

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Казань Федералдык университетинин ректору баштаган делегация келип, эл аралык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу боюнча эки окуу жайдын ортосунда келишимдер түзүлдү.

Делегациянын курамында КФУнун ректору Гафуров Ильшат, сырткы байланыштар боюнча проректору Алишев Тимирхан, КФУнун ректорунун кенешчиси  Камалов Ильдар, Татарстан Республикасынын Менделеев районуна инвестиция тартуу боюнча кенешчиси Азимов Рашит болушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар университеттердин ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу, тажрыйба алмашуу жана жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында билим берүү жана илим чөйрөсүндө, маданият жана спорт жаатында кызматташуунун мүмкүн болгон варианттарын талкуулашты.

"Мунун бардыгы эл аралык билим берүү, илим жана маданий мейкиндиктеги интеграциялык байланыштарды өнүктүрүүнүн жалпы ишинде университеттерибиздин өз ара байланышын мындан ары дагы бекемдейт. Бүгүнкү жолугушууда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдер түзүлдү. Анын алкагында эки окуу жайдын окутуучулары, студенттери тажрыйба алмашышат" – деп белгиледи КеңешбекУсенов.

КФУнун ректору Ильшат Гафуров – “Учурда университетте 87 адистик боюнча кадрлар даярдалып, 50 миң студент билим алып жатышат. Биздин окуу жай дүйнөлүк ЖОЖдордун рейтингин аныктоочу QS аныктаган тизме боюнча дүйнө жүзүндөгү алдынкы 100 окуужайдын 38-сан катарында турат.

Билим берүү жаатында тажрыйбасы зор билим ордосу ЖАМУ менен кызматташууда бир катар иштерди биргеликте аткарып, ийгиликтерди жаратабыз деген үмүттөмүн” – деген оюн айтты.

Талкуунун жүрүшүндө фундаменталдык, прикладдык изилдөөлөр жаатында биргелешкен илимий программаларды жана долбоорлорду түзүү, жүзөгө ашыруу, окутуучулар жамааты үчүн практика жана квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу, алдыңкы окутуучуларды тажрыйба алмашуу, лекция окуу, сабактарды өткөрүү, ошондой эле аспирантура жана докторантура аркылуу илимий кадрларды даярдоо боюнча маселелер каралды.Электр энергетикасы, информатика, орус тили жана адабияты, медицина адистиктеринин биргелешкен  билим берүү программалары боюнча студенттерди окутуу үчүн кыргыз-орус факультетин түзүү маселеси талкууланды. 

Мындан тышкары, улуттук спорттун түрлөрүн жайылтуу, улуттук маданиятты таанып билүү  максатында университеттердин факультеттеринин чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда биргелешкен фестивалдарды жана биргелешкен спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова