Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жамааттык келишим кабыл алынды

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик уюмунун конференциясы болуп өттү. Анда 2017-2020-жылдарга кабыл алынган жамааттык келишимдин аткарылышы каралды жана 2021-2024-жылдарына карата жаңы келишим бир добуштан кабыл алынды. Университеттин 23 курамдык бөлүмдөрүнөн шайланып келген делегаттар катышты. Ректордун буйругу менен түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын жамаатык келишимге киргизилген толуктоолору жактырылып бир добуштан кабыл алынды. Жамааттык келишимдин долбоору бардык курамдык бөлүктөрдө талкууга алынып, конференцияга сунушталган.

Окуу жайынын профсоюз комитети жамааттык келишимдин аткарылышы катуу контролго алынарын, ага айрыкча көңүл буруларына ишендирди.

 

Маалыматты даярдаган: КМУнун КБКнын төрагасы Э.Бектуров