Жалал-Абад облусунун айыл округдары, райондук, шаардык мамлекеттик бийликтер демөөрчүлөр тарабынан билим берүү тармагына берилген жардамдар өнөктөштөр менен иштөө боюнча маалымат.
(2012-жыл үчүн)
Облуста 614 баштапкы профсоюз уюму иштеп, мүчөлөрдүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар иштерди жүргүзүп келүүдө.
Учурда 20514 профсоюз мүчөсү учетто турат.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитети Борбордук комитеттин V сңездинин жана II пленумунун токтомдорун ишке ашыруу боюнча алгылыктуу аракеттерди жасап келүүдө.
Обкомдун пленумдары, президиумдун жыйындары тармактык профсоюздун Уставына жараша учур талабына шайкеш келген маселелерди к арап, тиешелүү токтомдорду кабыл алып, аткаруу жагына басым жасалууда.
Обком токтомдордун, мыйзамдык актылардын негизинде профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча айыл округдары, райондук, шаардык мамлекеттик бийликтер менен өнөктөштүк негизинде тыгыз иш жүргүзүп келүүдө.
Атап айтканда, облуста турак жай куруу үчүн жер тилкелерин сурап кайрылгандардын ичинен 139 профсоюз мүчөсүнүн талабы канааттандырылып, аларга жер тилкелери бөлүнүп берилген.
2012-жыл ичинде Ноокен, Сузак, Кара-Көл, Жалал-Абад райшаарларынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан 27 үй же квартира бөлүнүп берилген.
Жалал-Абад шаарында «Келечек» ачык акционердик коому (директору К.Туманов) тарабынан турак- жайга өтө муктаж мугалимдерге убактылуу негизде 40 бөлмө бөлүп берген.
Район, шаарларда каттап иштеген мугалимдердин аз да болсо муктаждыгын чечүү максатында Ала-Бука районунун айыл округдары 46 миң сом, Кара-Көл шаардык мэриясы 11, 6 миң сом, Майлуу-Суу шаардык мэриясы 10 миң сом, облус боюнча 67,6 миң сом бөлүп беришкен. Бул мугалимдердин мектептерге өз убагында баруусуна жана окуу-тарбия процессин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзгөн.
Облуста жаш адистердин муктаждыгына 1,3 милион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп берилген. Жаштардын мектептерде туруктуу иштеп калуулары үчүн Сузак, Ноокен, Аксы райондорунда ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө.
Коммуналдык тейлөө маселесин айыл округдары райондук, шаардык, мамлекеттик бийликтер финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ишке ашырып жатышат. Бул максатка облус боюнча 9,9 млн сом жумшалган болсо, ал эми Ноокенде 7 млн., Жалал-Абадда 2 млн сомдон ашык акча каражат ажыратылган. Тилекке каршы, дотацияда турган айыл округдары тарабынан финансылык кудретсиздиктен улам бул маселе ишке ашпай жатат.
Билимин өркүндөтүү курстарына катышкан мугалимдерге жергиликтүү бийликтер тарабынан 3 тараптуу макулдашуулардын негизинде облус боюнча 3, 8 млн сом сапар чыгымдары төлөнүп берилген.
Бул маселе Сузак, Тогуз-Торо, Аксы, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука райондорунда (төрагасы А.Исмаилов, мурдагы төрагасы М.Эпеев, А.Бабакулов, З.Тургунбаева, Б.Джураева, А.Айдаров, Б.Калимбетов, Ж.Дурусалиев) жакшы жолго коюлган.
Билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюшкандыкта өткөрүү максатында Республиканын тарыхый жерлерине, маданият мекемелерине баруу, жаратылышы кооз аймактарына жүрүштөрдү уюштуруу иштерине облуста өзгөчө маани берилип келүүдө. Профсоюздардын өздүк каражатынан башка демөөрчүлөрдүн салымдары да пайдаланылып, бул максатка 2012-жыл 1,1 млн сом акча каражаттары жумшалган.
Билим берүү мекемелеринин материалдык базаларын чыңдоо, заманбап компьютерлер менен камсыздоо, ремонт жумуштарын жүргүзүүгө бюджеттик каражаттардан тышкары түрдүү булактардан, башкача айтканда, ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн, жеке ишкерлердин салымдары да максатка ылайык пайдаланылган. Бул жумуштарга 27,8 млн сом сарпталган.
Олимпиадаларды уюштуруу, окуучулардын жана мугалимдердин спартакиадаларын (райондук, шаардык, облустук, республикалык) өткөрүүгө да маанилүү көңүл бурулуп келет. Өткөн жылы сапар чыгымдарынан тышкары, сыйлоо ж.б. маселелерге 1,2 млн сом жумшалган.
(район, шаарлар боюнча таблица тиркелет)
Обком анын жер-жерлердеги уюмдары тарабынан бул багыттагы иштер дагы улантылмакчы.
№ |
Райкомдор, шааркомдор |
Мугалимдерге, турак жай тилкелеринин берилиши (адам) |
Үй же квартира берүү (саны) |
Каттап иштеген мугалимдерге жол кире берүү (сом) |
Жаш адистерге көрсөтүлгөн жардамдар (сом) |
Билим өркүндөтүүгө, сапар каражаттары (сом) |
Материалдык базаны чыңдоо үчүн каражаттар (сом) |
Эс алуу үчүн каражат (сом) |
Коммунал- дык каражаттар (сом) |
Олимпиада, спартакиада, кароолор үчүн каражаттар |
1 |
Аксы |
8 |
- |
- |
62 100 |
525 700 |
318 000 |
18500 |
- |
269 000 |
2 |
Ала-Бука |
12 |
- |
46 000 |
42 000 |
282 800с |
1908 700с |
226352с |
- |
Үч тараптуу макулдашууга жараша |
3 |
Базар-Коргон |
14 |
- |
- |
- |
907 640 |
2 253 400 |
- |
14 000 |
152 640
|
4 |
Ноокен |
24 |
12 |
- |
666 988 |
564 689 |
9064 853 |
505 700 |
7 037 120 |
351 255
|
5 |
Сузак |
42 |
2 |
- |
490 000с |
790 000с |
2900 000с |
270 000с
|
- |
195 000 с |
6 |
Токтогул |
26 |
- |
- |
- |
29 000 |
61 000 |
- |
- |
7000 |
7 |
Тогуз-Торо |
4 |
- |
- |
- |
112 500с |
- |
- |
- |
-
|
8 |
Чаткал |
- |
- |
- |
- |
- |
1009 666с |
- |
- |
27000с
|
9 |
Жалал-Абад |
3 |
- |
- |
- |
225,464с |
9783,500 |
- |
2891600с |
767 000
|
10 |
Кара-Көл |
|
1 кв |
11 600с |
5600 |
94000с |
361 000с |
10 000с |
- |
54 600с
|
11 |
Көк-Жаңгак |
6 |
- |
- |
8000 |
- |
- |
5000 |
- |
-
|
12 |
Майлуу-Суу |
- |
- |
10 000с |
5000с |
244 912с |
- |
- |
- |
19 000с
|
13 |
Таш-Көмүр |
- |
- |
- |
- |
16 000с |
- |
- |
- |
95 400с
|
14 |
ЖАМУ |
|
12 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жалпы |
139 |
27 |
67 600 |
1, 279 688 |
3, 792 705 |
27, 660 119 |
1, 080 552 |
9, 942 720 |
1, 247 595 |
Обкомдун төрагасы: К.Мурзакматов