Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жайкы эс алуулар - 2021

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети кызматкерлерди эмгек өргүү учурунда  эс алуу, ден соолугун чыңдоосу, көңүлдүү маанайда жумушка кайтуусун камсыз кылуу үчүн баардык аракеттерди, көрүшүүдө жана “Жайкы эс алуулар- 2021” өнөктүгүн ийгиликтүү башташты.

Окуу жайынын кесиптик бирлик комитети өз мүмкүнчүлүгүнө жараша  кызматкерлердин эс алуусун уюштурууну каржылоону өз милдетине алышкан. Өлкөбүздөгү санитардык эпидемиологиялык абалды эске алуу менен ар бир баштапкы  кесиптик бирлик уюмдар, чакан жамааттык топторго бөлүнүшүп кызматкерлерди,  “Шор Булак” , “Көк-Жаңгак“, “Арстанбап” жана “Кара Алма” эс алуу жайларына  кыска мөөнөттүк эс алууга чыгарып келишүүдө. Дем алуу жайларында көӊүлдүү эс алуу үчүн  бардык шарттар түзүлгөн. Алар  үчүн таза абада  сейилдөө, спорттук мелдештерди өткөрүү уюштурулган. Эс алууга табигый техникалык, экономика-юридикалык факультеттин кызматкерлери барып келишти. Алар эс алууну талаптагыдай деӊгээлде  уюштурган кесиптик кесиптик бирлик комитетине, анын баштапкы уюмунун жетекчилери З.Ташиевге, Н.Мусакуловага  ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова