Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Юридика факультетинин футболчулары профкомдун өтмө кубогун жеңип алды

Билим кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 2021-жылдын 1-2-октябрь күндөрү Улуттук университеттин администрациясы менен профсоюз комитети мини-футбол боюнча кесиптик бирлик комитетинин өтмө кубогу үчүн түзүмдөр аралык блиц-турнир өткөрдү. Мелдешти окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ачып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Таймаштардын жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген юридика факультетинин футболчуларына профком жана демөөрчүлөр тарабынан 7000 сом, 2-орунду ээлеген факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасына 4000 сом, ал эми 3-орунду ректораттын командасына 3000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Турнирде эң мыкты оюн көрсөтүп, көрүүчүлөр менен калыстардын алкоосуна ээ болгон Базарбаев Эрлан "эң мыкты дарбазачы", Бусурманкулов Асылбек "эң мыкты оюнчу" аталды. Аларга 1000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Оюндун аягында белектер, эң башкысы - өтмө кубок, дипломдор берилип, жалпы командаларга жашообуз балдай таттуу болсун деп демөөрчүлөр тарабынан бал берилди. 

Бул болуп өткөн мини-футбол боюнча турнир университет үчүн, жалпы жамаат үчүн жакшы жаңылык болуп, окутуучулар, бөлүмдөр арасындагы ынтымакты бекемдеп, топтор аралык ыкчамдыкты, биригүүнү жаратты.

Аталган оюнга университетте эмгектенген сыймыктуу агаларыбыз - Ооган согушунун ардагерлери, "Брабус" авто-мектеби, "Центр мёда" , ОсОО «Дары Тянь-Шаня» ишканалары демөөрчүлүк кылышты.

Урматтуу кесиптештер, кесиптик майрамыңыздар кут болсун! 

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Баласагын атындагы КУУнун басма сөз кызматы