Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Врачтарга эстелик орнотулду

19-октябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жана конгресс залынын жанындагы гүл бакчада пандемия учурунда кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон медицина кызматкерлерине жана медициналык окуу жайлардын студенттерине арналып жасалган айкел ачылды. Бул эстеликти орнотуу демилгесин медицина илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рахат Оморов көтөрүп чыккан. Ал  эстелик курууга атайын эсеп ачып, акча каражатын чогулткан, ага республикадагы бардык аймактардан дарыгерлер акча которушкан, өзү дарыгер болсо да  скульптор жана архитекторлор менен кандай айкел жасоо тууралуу акыл калчап, өз оюн айтып турган, авторлор менен бирге айкелдин макетин жасоого катышкан, Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлигинен атайын жер тилкесин бөлдүрүп алуунун артынан көп убакыт чуркап жүрүп бүтүргөн. Ошентип, мына бүгүн ал эстелик ачылды, анын курулушуна мамлекеттик бюджеттен бир да сом кеткен эмес.

Эстеликтин тасмасын КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов менен Р.Оморов кесишти.

Салтанатты Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор И.Кудайбергенова ачты. Маркумдарды бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин, коронавирус менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгегин жана каармандыгын белгиледи. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө алты миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус менен ооруп, анын 123ү каза болгон. Анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Вирус жалпы 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жуккан.

Салтанатта эстеликти куруунун демилгечиси профессор Рахат Оморов сөз сүйлөп, эстелик тургузуу идеясы, аны ишке ашыруудагы кыйынчылыктар, жардам берген медицина кызматкерлери, эстеликти жасаган авторлор тууралуу айтып берди.

Иш-чарага курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери катышып, эстеликке гүл коюшту.

 

Маалыматты даярдаган: "Позиция профсоюза" газетасынын башкы редактору А.Адамалиев