Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

USAIDдин “Окуу керемет” долбоору ОшМПУда

Ушул жылдын 24-сентябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун алкагында тегерек стол болуп, анда билим берүүдөгү бир топ маселелер каралды.

Тегерек стол КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин "Окуу керемет!"  долбоорунун ортосундагы 2020-жылдын сентябрь айында кол коюлган Меморандумдун негизинде Кыргызстандагы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоочу жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайлардын кызматташуу компонентинин негизинде "Окуу керемет!" долбоорунун Оштогу бөлүмү жана Ош МПУнун мугалимдердин билимин өркүндөдү бөлүмү тарабынан уюштурулган.

 

Программага ылайык иш чарада алгач "Окуу керемет!" долбоорунда активдүү иш алып барып, УЛУТТУК ТРЕНЕР статусун алган Ош МПУнун педагогика жана психология кафекдрасынын окутуучулары Зырапа Абдывасиева, Жыпара Шербаева, Гулшайыр Мурзаканова, Динара Жумабаева жана Гулзира Досматовалар студенттерге өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер класс өтүштү. Андан соң расмий турдө жыйындар залында тегерек стол болуп, ага Ош МПУнун ректору Бекмурза Зулуев, "Окуу керемет!" долбоорунун Оштогу аймактык кординатору Советбек Аматов, долбоордун Бишкектеги жана аймактардагы мүчөлөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.

Аталган отурумда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана алардын алдындагы колледждердин, мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү структуралардын өкүлдөрүнүн келечектеги өз ара кызматташуу жана билим берүү, тарбиялоо, методика жана усулдар боюнча маселелер кызуу талкууланды.

Иш чаранын жыйынтыгында келген коноктор тарабынан университетке, уюштуруу тобуна  ыраазычылык билдирилип, окуу жайдын атынан аталган долбоордо мыкты иш алып барып жаткан окутуучуларга алкыш баракча жана белектер ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы