Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ардагерлерди куттуктоо

2023-жылдын 8-майында Кыргыз Улуттук Университетинин  ректораты менен бириккен кесиптик бирлик комитетинин өкүлдөрү, жаштар саясаты жана спорт департаментинин директору Кадыр уулу Алмазбек, КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Жумабеков, Афган согушунун ардагерлери А.Шамшиев, К.Уметов, А.Маматов жана Т.Дунганаев баштаган университеттин мурдагы кызматкерлери  Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышуучулары С.Узбеков, Шаршен Керимбаев жана К.Ефимованын үйлөрүнө барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттукташты. 

Ардагерлер Улуттук университеттин жетекчилиги менен кесиптик бирлик  комитетинин өкүлдөрүнө жана жалпы жамаатка ыраазычылыктарын билдиришип иштерине ийгиликтерди каалашты. 

КУУнун өкүлдөрү  Жеңиш аянтына барып Түбөлүк өчпөс оттун жанына гүлчамбар коюшту. Мекен үчүн, Жеңиш үчүн, Тынчтык үчүн күн-түн дебей тыным албастан иштеп, согуштагы жоокерлерге дем күч берген, андан соң өз өмүрлөрүн илим-билимге арнап, келечек муунду тарбиялаган ардагерлерибизге чын дилден баш ийип, таазим кылабыз! Жергебизде ар дайым тынчтыктын желеги желбиреп турсун!

 

 Маалыматты даярдаган: КУУнун кесиптик бирлик комитети жана кесиптик  бирликтин Борбордук комитети