Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Улууну сыйлоо улуттук парз!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик униерситетинде Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” токтомун турмушка ашыруу максатында 15-сентябрдан тартып 15-октябрга  чейин – “Улгайган  курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” акциясы өткөрүлдү. Анын алкагында социалдык колдоого муктаж улгайган адамдарга жардам берүү иш-чаралары жүзөгө ашырылды.

ЖАМУнун медициналык колледжинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Г.Алимбаева, директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Г.Темирбаевалардын уюштуруусу менен окутуучулар жана студенттерден турган топ, Жалал-Абад шаардык мериясынын жана шаардык социалдык коргоо кызматынын иликтөөсү боюнча  такталган тизмедеги Сузак районунун аймагында жашаган, мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж жарандарга күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүк жеткиришти. Колледждин окутуучулары жана студенттери улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга жардам берүү иш чарасын  жыл сайын өткөрүп келишүүдө. "Улууну сыйлоо улуттук парз!” – дешет алар. Кайрымдуу бололу!

Ошондой эле Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый техникалык  факультетинин “Химия” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер менен биргеликте Сузак районуна караштуу Октябрь айылында жайгашкан карылар үйүнө барып, моралдык жана материалдык жардам көрсөтүштү.

Жолугушууда атайын азык-түлүк салынган баштыкчалар жана турмуш тиричиликте керектелүүчү каражаттар карылар үйүнүн жетектчилигине тапшырылып, жашоонун шарында ушул үйдө өмүр сүрүп жатышкан тургундарга  маданий эргүү тартуулоо максатында студенттер тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

Улууларды сыйлоо, аларды камкордукка алуу ар бирибиздин атадан берки нарк экендигин жаштарыбыздын сезимдеринде уялаарына ишенишип, карылар үйүнүн жетекчилери уул-кыздардын бул аракетине кубанышып, баталарын беришип, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.  Иш-чараны уюштурган факультеттин баштапкы кесиптик бирлигинин жетекчиси З.Ташиевге, кафедранын башчысы х.и.к.,доцент Б.Эрназаровага иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова