Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Тил декадасы жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мамлекеттик тил күнүнө арналган декаданын жыйынтыгы чыгарылды, ал улуттук тилди өнүктүрүүгө жана кеңири жайылтууга багытталган жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына арналган.

Он күн ичинде өткөрүлгөн ар бир иш-чарага активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеген жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар, акчалай сыйлык жана баалуу белектер ыйгарылды.

Декада университеттин “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, анын алкагында “Сабаттуу бол” акциясы, “Иш кагаздардын жазылышы” аттуу семинар, онлайн тест, улуттук- тарыхый көргөзмө, кыргыз кино баяны жана улуттук спорт оюндары сыяктуу иш чаралар өткөрүлдү.

Саамалыктын соңку күнүндө окуу жайдын жетекчилери, окутуучулары, студенттери уюштуруу тобу тарабынан кыргыз тилинин тарыхы тууралуу чакан сахналык көрүнүш менен коштолгон концерттик программага күбө болушту.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы