Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

“Таяк-тартыш” боюнча ачык чемпионат

Ош мамлекеттик пелагогикалык университетинде КРнын Таяк-тартыш федерациясы тарабынан таяк-тартыш боюнча Ош облусунунун 1-ачык чемпионаты өткөрүлдү. Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош областынын губернаторунун орун басары Имангазыев Данияр жана Таяк-тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков катышты. Билеги күчтүүлөрдүн күчүн сынаган бул мелдеш окуу жайдын чоң жыйындар залында жогорку деңгээлде өттү.

Аталган чемпионат Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Ага Бишкек шаары, Баткен жана Ош областынын райондорунан келген спортчулар жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышышып кызуу мелдеш көрсөтүштү. Иш чаранын башкы максаты спорт чөйрөсүн кеңейтүү, областтар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаш спортчуларды шыктандыруу болуп саналат. Бул менен бирге спорттун таяк-тартыш түрүн жайылтууга да багытталат.

Мелдеште жалпы кыздар жана балдардан куралган 8 команда ат салышып, жыйынтыгында III орунду Ош мамлекеттик университетини, II орунду ОшМПнун Колледжи ээледи. Ал эми I орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы ээлешти. Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек Республикалык деңгээлде таяк-тартыш боюнча ачык чемпионат жыл сайын үч ирет өткөрүлүп турат. Учурда таяк-тартыш өлкөбүздө популярдуу спорттун түрүн толуктап, жаштар арасында кенен жайылууда. Чемпионаттын кийинки туру Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы