Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Таңшы комуз – кылым кезе жаңырып!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында “Комуз күнүнө” окуу жайдын Маданий - эстетикалык борбору тарабынан “Таңшы комуз” аттуу онлайн концерт берилди. Анда  борбордун алдында түзүлгөн “Жаш канат” фольклордук ансамблинин комузчулары “ Көкөй кести” “Камбаркан”,  “Маш-Ботой”, ”Чоң кербез”, “Ак бакай” “Эргиме” баш болгон кыргыздын улуу күүлөрүнөн  баштап, “Ак тамак - Көк тамак”, “Жаш Кербез”, “Боз салкын” сыяктуу лирикалык күүлөрдү да аткарышты. Комуздун шыңгыр үнү теребелге жаңырып, көнүл кушун көкөлөттү.

Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт, ал өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан-муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. “Кыргыз элинин улуттук аспапбы комузду жаш муундарга жайылтуу, чертүү чеберчилигин үйрөтүү сыймыктуу милдеттерибиздин бири” – дейт ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору А.Д.Доранова. Ал эми күүлөрдүн келип чыгуу тарыхы, жаралышы жана ушул күнгө чейин жетиши, анын кыргыз маданиятынын өнүгүүсүндөгү орду жана залкар комузчулардын опол тоодой эмгеги тууралуу университеттин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Ш.Маткаримова айтып берди жана “Жаш канат”  тобуна чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Таңшы комуз – кылым кезе жаңырып!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова