Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Сыймыгыбыз - мыкты студенттер!

Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган "Кыргызстандын 100 мыкты студенти-2021" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти Аяна Пайизова III даражадагы диплом жана төш белги менен сыйланды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Бишкек шаарындагы жаңы ачылган инновациялык борбордо болуп, ага Кыргызстандагы бардык окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чарада КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жаштар ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Бердиев сынактын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн  куттуктады.

Иш-чарага “Аскар Салымбеков фонду” коомдук фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов, “Жаштар жана билим”, “Манас” театрынын башкы мүдүрү Азиз Биймырза уулу, Кыргызстан жаштарынын конгрессинин төрагасы Аскар Шайкидиновдор катышышты. “Жаштар жана коомдук активдүүлүк” деген темада да кереге маек болуп, “Ата- Бейит” меомериалдык комплексине экскурсия жасалды.

“Аянадай студенттерибиз менен сыймыктанабыз”- дейт ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин алдындагы Жаштар кеңешинин төрагасы Адилет Усенов.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова