Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Студенттик спартакиада өтүүдө

Окуу жайда 20-сентябрь – Эл аралык спорт күнүнө карата уюштурулган факультеттер аралык студенттердин спартакиадасы башталды.

Ачылуу аземинде ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров мелдешке катышып жаткан командаларга ийгилик каалашты.

Медештер спорттун грек рим, эркин күрөш, улуттук күрөш, шахмат, волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол, баскетбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча өтүп, ага окуу жайдын бардык факультеттеринен командалар катышууда.

Жеңишке жетишкен командаларга жана спортчуларга сыйлыктар каралган. Спартакиада 14-15-16-октябрь күндөрү окуу жайдын спорт комплекстеринде өтөт.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын төргасы А.Саттаров