Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата тегерек стол өттү

“Азыркы коомдогу социалдык иштердин кесиптик актуалдуулугу жана өнүктүрүү перспективасы” аттуу тегерек столдо Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова баштаган мэриянын өкүлдөрү, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова жана социалдык иштер кафедрасынын доценти Ө.Акматов, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасынын орун басары Э.Рысалиевдер сөз сүйлөшүп, социалдык кызматкерлерди, студенттерди кесиптик майрамы менен куттукташты.

Жыйын онлайн байланыш аркылуу да чагылдырылып турду. Анда социалдык маселелер боюнча адистер, жогорку окуу жайлардан окутуучулар, студенттер социалдык иштердин кесиптик актуалдуулугу жана өнүктүрүү перспективалары боюнча баяндама жасашты.

Социалдык кызматкерлер мамлекеттин жардамына жана камкордугуна муктаж жарандарга колдоо көрсөтүп көрсөтүшөт. Ош мамлекеттик университети да социалдык жактан жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, улгайган адамдарга, балдарга ар дайым моралдык жана материалдык жактан профсоюз тарабынан колдоо көрсөтүп келет.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын төрагасы А.Саттаров