Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Сиздердин сайтыңыздарга маалымат

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешинде 21-июнь 2013-жылы сессия болуп өттү. Сессияда билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин кайрылуу каты бир маселе катары каралды. Сессияга билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы Абибилла Нурмаматович катышты жана мугалимдердин социалдык экономикалык абалы, жашоо шарты, жумуш орду, ошондой эле “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдердин статусу жөнүндө”  мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө кеңири сөз сүйлөдү.

Депутаттар жана айыл округунун башчысы К.Х.Бегматов мугалимдерди ар тараптан колдоорун айтышты жана жыйынтыгында мугалимдерге, жашоо шарты начар, жалгыз бой оорулуу мугалимдерди жер салыгынан бошотуу, мектепке (подшивка үчүн) газеталарга жазылуу жана мугалимдерге коллективдүү жайкы эс алуусу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндү сессиянын чечими чыкты.

Уюштуруучу адис:    А.Ырысмато