Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Салтка айланган мугалимдердин «Ден соолук» спартакиадасы.

Салтка айланган мугалимдердин «Ден соолук» спартакиадасы.

Жалал-Абад шаарындагы №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында шаардагы 19 мектептин 300гө жакын мугалимдери спорттун 5 түрү боюнча күч сынашууда. Уюштуруунун максаты, мугалимдердин окуучуларга сабак берүү менен гана чектелбей, спортту сүйүү менен сергек жашоого үндөө болуп саналат. Мындан тышкары иш- чаранын алкагында өз ара байланыштарын жандантып, ынтымагын бекемдөө.

Аны шаардык билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети уюштурган.

Спартакиаданын жеңүүчүлөрү төмөндөгү мектептер:

1. I орун Т.Кошматов атындагы №10 мектеп гимназиясы

2. II орун Б. Осмонов атындагы №5 мектеп гимназиясы

3. III орун С. Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп лицейи

 

Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шааркомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Максат Мамасыдыков.