Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Руханият – ааламды бириктирет!

Жакында Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк “ААЛАМДЫК АК БАТА” руханий форуму болуп өттү. Форумга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен ф.и.к., доцент Д.М.Чокоева, ф.и.д. К.Калчакеев, сая.и.к., Б.Н.Алымкулов жана ЖАМУнун профсоюз комитетинин президиумунун мүчөсү, жаштар кеңешинин төрагасы А.А.Усенов атайын чакыруу менен катышып келишти.

Аталган руханий форумда илимий-чыгармачыл чөйрө дүйнөлүк руханий биримдик, тынчтык жана ынтымактуулук маселелерин талкууга алышты.

“Руханият – баарын бириктирет” - деген ураан менен бул форумда улуу кыргыз элибиздин салт-санаалары, үрп-адаттары, аны сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө кеңири сөз болду. Форумга чет элдик илимпоз-окумуштуулар катышып,  илимий баяндамалар окулуп, руханий коопсуздук маселелери коомчулукка сунушталды. Руханий маданиятты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн филология и.к., доцент Д.М.Чокоева, филология и.д. К.Калчакеев атайын диплом менен сыйланышты.

Форумдун жыйынтыгында бүткүл дүйнөлүк “ААЛАМДЫК АК БАТА” руханий жөрөлгөсү аркылуу Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө, эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын элинин жана Президентинин кадыр-баркы көтөрүү, жалпы адамзатты тазалануу, арылуу, тынчтыкта жанаша жашоого жана биримдикте өнүгүүгө чакырык кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова