Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Россия жана Кыргызстан окутуучуларынын кызматташтыгы

7-10-ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Окутуудагы заманбап билим берүү технологиялары” аталышында семинар болуп өттү. Аталган семинар Россия Федерациясынын Шадринск мамлекеттик педагогикалык университети жана ОшМПУнун жайдын “Тышкы байланыштар жана инвестициялар департаменти” тарабынан уюштурулду. Ал Россия Федерациясындагы “Илим жана техника” жылынын алкагында окутууда, илимий-усулдук саамалыктарда орус тили жана адабиятын, маданиятын жайылтууга багытталган.

Семинарга мектептердин, уюмдардын жана университеттин окутуучулары катышышып, өз билимдерин кеңейтишип, жаңыча усулдар үстүндө иш алып баруу боюнча тажрыйба алмашышты.

Семинардын негизги максаты орус тилин окутууда мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү, педагогикалык инновациялардын негизинде алардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана студенттердин заманбап билим берүү технологияларын колдонуу боюнча билимдерин өркүндөтүү болду.

Ошондуктан бул иш чарада орус тилин окутуудагы заманбап билим берүү технологияларынын теориялык жана практикалык маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп, көйгөйлөр жана милдеттер талкууланды.

“Орус тилин окутуунун салттуу методикасынын өзгөчөлүгү”, “Орус тилин окутууда конкреттүү технологияны колдонуунун максатка ылайыктуулугун түшүнүү жана окутууну уюштуруунун принциптери”, “Педагогикалык иштерди жана класста балдар менен байланышты туура уюштуруу менен окуучулардын билимине мониторинг жүргүзүү” деген темалардын тегерегинде талкуулар өткөрүлдү.  

Семинар заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу аркылуу орус тилин окутууну жакшыртууга мугалимдердин практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түздү.

Жыйынтыгында жалпы катышуучуларга белгиленген формадагы квалификацияны жогорулатуу боюнча сертификаттар тапшырылды. ОшМПУ жана ШГПУнун өз ара кызматташуусу улам жакшырууда, эки окуу жай ортосунда көптөгөн саамалыктар университеттин “Тышкы байланыштар жана инвестициялар департаменти” тарабынан уюштурулууда.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы