Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Педагогдорго көңүл бурулду

4-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде 100гө жакын ардагер мугалимдерге окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан сый көрсөтүлдү.

Ош технологиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Ж.К.Матисаков Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы У.Ж.Мамытов ардагер мугалимдерди  куттуктап, ар бирине акчалай материалдык жардам сыйлык берилди.

Майрам шаңга бөлөнүп, концерттик программа менен коштолду.

Аны менен бирге 5-октябрда Ош технологиялык университетинде  мугалимдер күнү да  белгиленди. Салтанат ОшТУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы У.Мамытов жалпы мугалимдер жааматы түмөн түйшүктүү ишти аркалап келе жаткан кесиптештерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады.

Ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан мугалимдерге ОшТУнун бириккен профсоюз комитети тарабынан баалуу белектер жана Ардак грамоталар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУнун КБКнын төрагасы У.Мамытов