Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУнун заманбап лабораториясы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө жана жаңы окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин Ак-Буура кампусунда медициналык билим берүү үчүн курулган 2 окуу лабораториясы ачылды. Салтанатка министирлер, Ош шаарынын мэри жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ошондой эле окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышышты. Лабораториялык окуу жай адистерге ыңгайлашкан, лекциялык залдар, практикалык көндүмдөр борбору жана инновациялык окутуу технологиялары бар. Окуу имараттын курулушу университеттин өз каражатынын эсебинен курулду.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты Токтогулов Асылбек Токтогулович ОшМУнун заманбап лабораториялары менен таанышты. ОшМУда акыркы 10 жыл аралыгында 30дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, спорт комплекстер заман талабына ылайык курулуп пайдаланууга берилген.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова