Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУнун студенттик акыйкатчысы болуп 4-курстун студенти Бекжан Жумабаев шайланды

Ош мамлекеттик университетинде ушул жылдын 6-майында студенттик өзүн-өзү башкаруу уюму - студенттик акыйкатчыга шайлоо болуп өттү.

Шайлоого ОшМУда күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерден 192 делегат катышты.

Алгач университеттин студенттик акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Адилет Абдырахманов аткарылган иш-аракеттери боюнча отчет берди. Андан соң студенттик акыйкатчылыгына талапкерлигин койгон 5 студент өздөрүнүн платформалары менен тааныштырып, делегаттардын суроолоруна жооп беришти.

Жыйынтыгында делегаттардын көп добушуна ээ болгон университеттин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин 4-курсунун студенти Бекжан Жумабаев студенттик акыйкатчылыкка шайланды. ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров шайлоонун төрагасы кызматын алып барды.

Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы кызматы 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери тарабынан 2 жылдык мөөнөткө шайланат. Студенттик акыйкатчы аппараты студенттердин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун профкомунун башкы адиси А.Айтыкулова