Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУнун кызматкерлери "Ден соолук-2021" спартакиадасында байгелүү орундарды ээледи

Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын спорттук базасында 21-27-июнь күндөрү өткөн билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин спартакиадасына ОшМУнун окутуучулары спорттун бардык түрү боюнча мелдештерге катышты. Алар волейбол, футбол, стритбол, стол тенниси, ордо, шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча ат салышышты.

Мелдештердин жыйынтыгында ОшМУнун волейбол боюнча аялдар командасы спартакиаданын чемпиону болушту. Футболдон эркекетер командасы 3-орунду камсыздады. Шахмат оюнунда эркектер 1-орунду, аялдар 2-орунду алышты. Ал эми теннис боюнча эркектер 2-орунду, аялдар 1-орунду ээлешти. Ордо оюнунда эркектер күмүш медалга ээ болушту.

Спартакиадага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана башкалар күбө болушуп, колдоп турушту.

“Ден соолук” спартакиадасы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова