Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУга эл аралык сыйлык тапшырылды

Казакстандын Нур-Султан шаарында «Жогорку билимдин сапатын камсыз кылуу: дүйнөлүк тенденциялар жана аймактык аспектилери” аттуу V Борбор Азиялык эл аралык форуму өттү.

Аталган форумга Кыргызстан, Казахстан, Россия, Латвия, Азербайджан, Украина, Молдова, Армения, Өзбекистан, Таджикистан, Беларуссиянын билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү, эл аралык европалык жогорку билимдин сапатын камсыздоо түйүндөрү, эл аралык билим берүү жаатындагы  уюмдар катышты.

Форумдун алкагында ОшМУга “IAAR EUR MULTIDISCIPLINARY AWARD” сыйлыгы тапшырылды. Сыйлык ОшМУнун академиялык ийгиликтери жана НААР рейтингдик изилдөөлөрдөгү алдыңкы иш-аракеттери үчүн берилди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова