Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУда Мамлекеттик тил макамынын 32 жылдыгы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тил макамынын 32 жылдыгына арналган «Эне тилим – жүрөгүм» аттуу майрамдык салтанат өттү. 

Майрамдык иш-чарада  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жалпы жамаатты мамлекеттик тил майрамынын 32 жылдык мааракеси менен куттуктады. “Учурдагы ааламдашуу процессине кыргыз тилинин артта калбай, аралашып кетүүсү бул улутубуздун ийгилиги.  Заманбап технологиялык агымда кыргыз тилиндеги бир топ программалардын, долбоордун, санариптештирүү жаатындагы ойлоп табуучулук иштердин көп бөлүгү мамлекеттик тилибизде жүргүзүлүп жаткандыгы бүгүнкү мамлекеттик тил саясатынын алгылыктуу иштеринин натыйжалуулугунан кабар берет. Көп улуттуу Ош шаарыбызда, көп улуттун өкүлдөрү билим алган ОшМУда тилге болгон мамиле ар дайым бийик жана барктуу бойдон сакталат”,-деди. 

Кечеде студенттер кыргыз тилинин гимнин хор ырдашты. Факультет, колледждердин таланттуу студенттери кыргыздын улуттук өнөрүн тартуулап, кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырларды ырдашты. “Манас” эпосунан үзүндү, төкмө акындардын айтышы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борбору тарабынан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле Билим лицейинин окуучулары да сахна өнөрүн тартуулашты.Майрамдык салтанатка активдүү катышкандарга "Ыраазычылык каттар" тапшырылды.

Мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайдын илимий китепканасы тарабынан китеп көргөзмөсү коюлду. Кечени ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова уюштурду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова