Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУда кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылуу маселеси чечилүүдө

Соңку жылдар аралыгында кызматкерлердин турак-жай шартын жакшыртуу, кеңейтүү жана бул үчүн жер участокторунун бөлүп берүү, ипотекалык кредит аркылуу батирлерди сатып алуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдарына университеттин кесиптик бирлик комитети тарабынан 450дөн ашык адамга өтүнүчтөр келтирилген. Мындан сырткары, 2009-жылдын март айында ОшМУнун профкому менен «Жасур» ЖЧКнун ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимге ылайык Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык округундагы Коммунист участкасында жайгашкан 3 га аянттагы жер участогу сатылып алынып, ыңгайлуу шартта узак мөөнөттө төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгү менен 2012-жылдын октябрь айында университетте эмгектенген 50гө жакын кызматкерге турак-жай курууга жер участокторуна жеке менчикке пйдаланууга Мамлекеттик Актылары  даярдалып, колдоруна берилген. Бүгүнкү күндө бул жерде 20га жакын кызматкерлерибиз үйлөрдүн фундаменттерин түптөп, айрымдары куруп бүтүшүп жашап жатышат. Бүгүнкү күнгө карата КРнын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай – 2015-2020”, “Менин үйүм – 2021-2026” мамлекеттик, ошондой эле, Ош шаардык муниципиалдык ипотека программаларынын алкагында жалпысынан 183 кызматкерибиз, анын ичинен 154 мамлекеттик жана 29 Ош шаардык мэриясынын муниципиалдык ипотека программалары боюнча  турак-жайлуу болушту.

2018-жылдын жай айында Жогорку Кеңештин Ата Мекен фракциясысынын лидери Алмамбет Шыкмаматов баштаган депутаттар ОшМУга келип жолугушканда, профсоюз комитети алардын алдына ОшМУнун кызматкерлерине өз эсебинен ипотекалык кредиттөө жолу менен көп кабаттуу турак үйдү курууга, бул үчүн Ош шаарында ылайыктуу жер тилкесинин бөлүнүп берилишине көмөк көрсөтүүсү жөнүндө маселе койгон.  Андан соң КРнын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы №2717 токтому менен Ош шаардык мэриясына ОшМУнун кызматкерлери үчүн өз эсебинен көп кабаттуу турак-жай курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырылган. Ош шаардык мэриясынан 2019-жылдын декабрь айында Кең-Сай турак-жай конушунун көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу пландалган №228 кварталынан жер участогун Ош мамлекттик униврситетине бекитип берген мамлекеттик акт алынган.

Азыркы учурда ОшМУнун турак-жай куруучулар фондун же кооперативин түзүү боюнча бул багытта керектүү иштер алып барылууда жана ага кирүүгө  кызматкерлерибиздин 80ден ашуун арыздары келип түштү. Бул фонд (кооператив) аркылуу турак-жайы жоктор, айрыкча жаш үй-бүлөлөр, ошондой эле турак-жайларын кеңейтүүгө муктаж кызматкерлерибиз да өз маселелерин чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болушат. Бул максатта ушул жылдын 16-февралында Ош муниципалдык ипотека ишканасы менен үлүштүк ипотека боюнча келишим түзүү максатында кызматкерлерибиздин жолугушуусун уюштурдук.                     

Ошондуктан, кызматкерлерибизге өз эсебинен көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн Ош шаардык мэриясы тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилсе, андан ары ОшМУнун турак-жай куруучулар фондун же кооперативин түзүп, ошону менен катар Ош муниципалдык ипотека ишканасы менен үлүштүк ипотека боюнча иштерди илгерилетсек, бүгүнкү күндө көптөгөн студенттерибиздин жатаканага муктаждыгын эске алып, бул багытта конкреттүү иштерди алып барып, профсоюз комитети ректорат менен биргеликте максаттарды ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилесек болот. Бул жөнүндө жамааттык Келишимдин 6.10.-п. да “В плане защиты экономических и социальных интересов работников и студентов осуществить:

- Для удовлетворения нужд студентов в жилье расширить жилые площади в имеющихся зданиях и корпусах путем их рационального и эффективного использования или построить новые студенческие общежития.

- Для молодых специалистов, а также для работников, нуждающихся в собственном жилье и расширении жилой площади, содействовать решению их жилищных проблем путем ходатайства на получение государственных долгосрочных ипотечных кредитов, а также оказать поддержку созданию фонда строителей жилья и на их собственные средства построить многоэтажный 60- или 80-квартирный жилой дом в городедеп киргизгенбиз. Андыктан Жамааттык келишимдин мааниси – бирдиктүү иш алып баруу экендиги дайыма көңүл борборунда болууга тийиш.

Ош мамлекеттик университетинде кызматкерлерибиздин турак-жай маселесин чечүүгө профсоюз комитетинин мурдагы төрагасы, азыркы учурда Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору, Ош шаардык кеңешинин депутаты, доцент А.У.Аккуловдун жакындан көрсөтүп жаткан жардамы жөнүндө буларга токтолууга болот:

- 2021-жылы Ош муниципалдык ипотека ишканасы жөнүндө Жобону иштеп чыккан жумушчу топтун катышуучусу болгон;

- “Келечекке татыктуу шаар” деп аталган Ош шаарын 2022-2025-жылдарга карата өнүктүрүү программасына бир катар сунуштарын киргизген;

- Ош шаардык кеңешинин депутаты катары ипотекалык батирлерди бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы;

- Ош шаардык кеңешинин транспорт, коммуналдык чарба жана байланыштар боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын мүчөсү;

- Ош шаардык мэриясы алдындагы географиялык аталыштар, мамлекеттик мекемелерге жана шаар көчөлөрүнө ысымдарды ыйгаруу боюнча  комиссиянын мүчөсү болуп эсептелет.                                                                                  

Ал учурда шаардыктардын социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоодо өз позициясында бекем туруп, бул багыттагы иштерде өз милдетин татыктуу аткарып жаткан көрүнүктүү депутаттардын бири, биздин социалдык өнөктөшүбүз жана сыймыктуу кесиптешибиз деп айта алабыз!

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын төрагасы А.Саттаров