Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Социальное партнерство

ОшМУ ыраазычылык билдирет

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты Токтогулов Асылбек Токтогуловичке жалпы ОшМУнун атынан терең ыраазычылык билдиребиз! Республика боюнча тармактык кесиптик бирликтин өкүлдөрүнөн турган  университет, гимназия, мектеп  жана  балдар бакчасынан эс алуучулар тобу кезектешип, тиешелүү комитеттин толук каржылоосу менен 76 кызматкер акысыз жайкы эс алууну өткөрүштү. КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине караштуу Ысык-Көл  областынын Тоң районунда жайгашкан «Красная гвоздика» эс алуу жайына да терең  ыраазычылык айтабыз, себеби баары таза жана эс алуучулардын  толук шартына жооп берди. Аны менен бирге кесиптик бирлик  комитетинде кандай иштерди аткаруу жана аны өнүктүрүү боюнча да кызыктуу баарлашуу болду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова