Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУ: «Кел жигиттер, кел кыздар!» аттуу ыр-күлкү концерти өттү

Ош мамлекеттик университетинин факультет, колледждеринин декан, директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары «Кел жигиттер, кел кыздар!» аттуу ыр-күлкү концертин тартуулашты.

Окуу жайдын студенттик коомчулук менен байланыш проректору Жылдыз Артыкова баштаган декан, директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары кечеде ырдап, бийлеп, тамашалуу сахналык көрүнүштөрдү коюп, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.

Иш-чара эмгек жамааттын ичинде маданий эстетикалык табитти жогорулатуу, окутуучулардын арасындагы таланттарды эл алдына алып чыгуу, чыгармачылык жөндөмүнө шык берүү, студенттик коомчулук менен байланышты күчөтүү максатында уюштурулган.

 

 

Материалды даярдаган: ОшМУнун профкомунун башкы адиси Айжан Айтыкулова