Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМПУнун командасы фестивалдын жеңүүчүсү аталды

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар ортосунда өткөн “Элдер достугу” маданий фестивалында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы башкы орунду ээледи. Аталган саамалык Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитети жана «Вместе мы сила» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Фестивалга Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Японияга жумушка орноштуруу» борборунун студенттери катышып, япон элинин маданиятын, улуттук өзгөчөлүктөрүн сахнада чагылдырышты. Ар улуттун нарк-насилин жана маданиятын даңазалап, элдердин достугун бекемдөөгө багытталган бул иш чарада ар бир окуу жай өздөрү тандап алган улуттун маданиятын көрсөтүшүп, катышуучулар өз чыгармачылыктарын тартуулашты.

Иш-чарага эстрада жылдыздары да катышты, атайын калыстар катышуучулардын өнөрлөрүн баалашты. Фестивалдын жыйынтыгында комиссиянын чечими менен өзгөчө даярдык менен катышкан ОшМПУнун командасына 1-орун ыйгарылып, атайын диплом жана 15 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы