Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ош МПУнун студенти республикалык сынакта баш байгени багындырды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинин 4-курсунун студенти Сабина Абдыразакова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөн «МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ – 2021-2» аттуу студенттердин республикалык сынагында башкы орунду ээлеп, 1-даражадагы артыкчылык дипломго, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана баалуу белектерге ээ болду.

Ошондой эле Ош МПУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Гулбурак Бакирова аталган студентин сынакка мыкты даярдаганы үчүн уюштуруу тобу тарабынан Туркия өлкөсүнүн Анталия шаарына 8 күндүк эс алууга жолдомо жана алкыш баракча менен сыйланды.

Белгилей кетсек болочок агартуучуларга стимул болгон бул сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгына ылайык жана  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 90 жылдык маарекесине карата педагогикалык факультети,  «Мугалим» илимий- педагогикалык журналы жана университеттин бириккен профсоюз комитети менен биргеликте педагогикалык багытта адистерди даярдаган өлкөдөгү бардык ЖОЖдордун катышуусунда уюштурулган.

Мында катышуучулар 3 этап (Эссе жазуу, «Өзүн-өзү презентациялоо», «Өнөр таймаш») менен өз атаандаштыктарын көрсөтүшүп, билим алган окуу жайынын намысын коргошту.

Мелдешке 40тан ашык студент катышып, финалдык турда 16 студент ат салышты. Жыйынтыгы  калыстар тобу тарабынан төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге – артыкчылык диплому:

1) Күрүчбек кызы Мээрим - Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети; 2) Абдыразакова Сабина – А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети;

1-орун: 1) Күмөнова Алина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык факультети; 2) Туратбекова Адина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети; 3) Хасанова Тахмина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун орус жана славян филологиясы факультети;

2-орун: 1) Апшүкүрова Алина - Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети; 2) Шайлообекова Алина - И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети; 3) Бейшенбекова Малика - Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети;

3-орун: 1) Жолчубек кызы Нагима - К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети; 2) Шакиева Нурзада - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети; 3) Таалайбек кызы Жылдыз - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалыматтык кызматы