Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

“Таланттарды издейбиз-2021” фестивалы жыйынтыкталды

Б.Зулуев: Жегени кебек, кийгени жибек – студенттик жашоонун чыныгы картинасы.

11-май Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-курсттун студенттери арасында болгон “Таланттарды издейбиз – 2021” студенттик фестивалы жыйынтыкталып, лауреаттар сыйланды. Иш-чара бул жылы 18-май окуу жайдын күнүнө карата уюштурулуп, ага университеттин ректору профессор Бекмурза Зулуев баштаган ректорат жамааты, факультеттердин өкүлдөрү жана студенттер катышышты. Кечеде алгач фестивалдын үч баскычынан өтүп, гала концертке жолдомо алган  мыкты талант ээлери өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, катышуучуларга жогорку маанайда маданий кече тартуулашты.

Андан соң иш-чара сыйлоо аземи менен уланып, ректор Б.Зулуев жалпы фестивалдын жеңүүчүлөрүн кызуу куттуктап, өз сөзүндө жегени кебек, кийгени жибек – студенттик жашоонун чыныгы картинасы экенин баса белгиледи. Ошондой эле ректор  “кубаныч, кайгы, жоготуу, табуу, сүйүү, сүйдүрүү сезимдери коштогон өмүрүңөрдүн алтын курагын “Студент” макамына ээ болуу менен өткөрүп жатасыңар.” “Окуу жайыбыздын кыздарына, башка жигиттер суктануу менен көз кырын сала тургандай өзүңөр, билимиңер, анан тарбияңар бүгүнкүдөй сулуу болуш керек.“ “Айылдан аруу, таза болуп келген таланттарды сынактар менен такшалтып, өсүп-жетилткенге биз себепчи болойлу. Билим менен бирге, чыгармачылык болуу керек.

Экөөнү эриш-аркак алып учсаңар гана бийиктикте ээн-эркин учасыңар.” “Бизге табиятынан таланттуу студенттер келет.  Ошолордун таланттын такшалтып, чыгармачыл студенттерди колдоп келе жаткан, кылымга тете тарыхы бар университетибиздин бактылуу студентисиңер” деп жаштарга пикирин билидирип өтту. Андан соң фестивалдын лауреаттарына сыйлыктар тапшырылып, жеңүүчүлөр диплом, грамота жана белектерге ээ болушту.

Белгилей кетсек аталган кароо-сынак окуу жайда ар жылы салтка айланып, жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп келет. Мында катышуучулар атайын жобонун негизинде фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын тартуулашып, калыстар тобунун тандоосу менен мыкты деп тандалган талант ээлери гала концерттке фестивалдын лауреаттары катары жолдомо алышкан.

 

Маалыматты даярдаган: ОГПИнин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек