Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОГПИ - МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТ СТАТУСУНА ЭЭ БОЛДУ

2021-жылдын 26-апрелинде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жайдын жаңы аталышын ачууга арналган салтанаттуу кече болуп өттү.

Иш-чарага КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы  Жапаркул Ташиев, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурумбетов, Оштогу окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты. Аземде алгач университет боюнча даярдалган тарыхый фильм көрсөтүлүп, катышуучуларга аталган билим уя тууралуу  кеңири маалымат берилди. Андан соң  кечени окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев расмий түрдө ачып, жамаатты, студенттерди жетекчиликтин атынан куттуктап, бул жетишкендиктер жалпы эмгек жамааттын ак эмгегинин үзүрү экенин баса белгилеп өттү.

Ошондой эле статс-катчы Ж.Ташиев сөзгө чыгып  Билим берүү жана илим министрилигинин жана  Юстиция министрлигинин Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун аты “Ош мамлекеттик педагогикалык университети” болуп өзгөргөнү тууралуу чыккан буйрук жана мамлекеттик каттоо сцертификаты менен тааныштырды. Муну менен бирге жалпы эмгек жамаатты мекеменин жаңы аталышка ээ болушу менен министрликтин атынан кызуу куттуктап, ийгилик каалап өттү. ОГПИ өз учурунда мамлекеттик университет наамына ээ болуп жатканын Оштогу ЖОЖдордун ректорлору куттуктоо сөздөрүндө белгилешип, билим берүү сапарында үзөңгүлөш окуу жайлар катары бирге иш алып барышаарын билдиришти. Иш-чара окуу жайдын Маданий эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концерттик программа коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.

Белгилей кетсек Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ишин оптимизациялоо боюнча КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 368\1 буругуна ылайык аталган институтка “Ош мамлекеттик педагогикалык университети” статусу ыйгарылган.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОГПИнин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек