Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОГПИ – БААУ кызматташтыгы, билим берүүнүн жаңы баскычтарына карай

Борбор Азиядагы Америка университетинин Президенти Эндрю Каченс иш сапары менен Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев менен жолугушту.

Жолугушуунун башкы максаты эки окуу жайдын кызматташтыгын арттыруу жана алдыда бирге иш алып барууга пландарды түзүү болуп саналат.

БААУнун Президенти Эндрю Каченстин айтымында: Биздин ОГПИ менен байланыш тарыхыбыз бар болгондуктан, дагы да ал байланышты бекемдөө үчүн жана институт менен жакындан таанышуу үчүн бүгүн келип турам. Негизи эки окуу жайдын алакасын арттыруу үчүн мобилдүүлүк программаны жөнгө салып, окутуучулардын жана студенттердин алмашып окуусуна көңүл бурушубуз керек. Биздин иш үстүндөгү келишимибиз кагаз үстүндө калбастан, конкреттүү ишке ашуусун каалайм-, дейт.

Бүгүнкү жолугушуунун алкагында мына ушул сыяктуу бир канча маселелер талкууланып, жетекчилер билим берүүнү өнүктүрүү боюнча алдыда бирге кызматташууну пландашты.

Белгилей кетсек ОГПИ менен БААУнун ортосундагы байланыш буга чейин эле активдүү ишке ашып, натыйжада окутуучулар жана студенттер университетке мобилдүүлүк программасы аркылуу барып окуп, тажрыйба алмашып келишкен.

Кошумчалай кетсек Эндрю Каченс БААУнун Президенти болуп 2 жылдан бери иш алып барат. Өткөн жылдагы пандемия себептүү Ош шаарына быйыл келип, окуу жайдын жетекчилери менен таанышып, Ош шаарында жашаган БААУнун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу максатында келген.

 

Маалыматты даярдаган: ОГПИнин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек