Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Областтык комитеттин колдоосу ишмердүүлүккө дем берет!

КРнын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитети Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине дайыма моралдык, усулдук жана материалдык колдоо көрсөтүү менен кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө дем берип, камкордукка алып келет. Областыбызда “Жайкы эс алуу - 2021” иш-чараларын өткөрүү жогорку деңгээлде уюшулгандыгы баарыбызды кубандырат.

Мына жакында  “Арстанбап” турбазасында ондон ашык кызматкерибиз  областтык комитеттин каржылоосу менен эки күндүк эс алууда болуп, чын көңүлдөн ыраазычылыктарын айтышууда. 2021-жылдын 24-31-июль күндөрү  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине караштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан “Красная гвоздика” эс алуу борборунда өтө турган эс алуу жана жолугушууга катышуу үчүн эки кызматкерибизге жолдомо берилди. Ошондой эле “Арстанбап-Ата” балдардын эс алуу борборуна балдарга он эки жолдомо бөлүндү. КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жетекчиси Исмаилов Абдукахар Араповичке терең ыраазычылык билдиребиз жана кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайбыз!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова