Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

«Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактарынын республикалык этабы башталды

2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактарынын республикалык этабы өткөрүлөт.

Сынактын максаты: мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүн өзү көрсөтүшүн камсыздоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, республиканын мыкты мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдердин мыкты тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар базасын педагогикалык маалымат менен толуктоо.

Сынак төмөнкүлөргө багытталган:

- билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу боюнча педагогикалык жамааттын чыгармачыл ишмердүүлүгүн өнүктүрүү;

- билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоо;

- педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин өстүрүү;

- коомдогу билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттарын бекитүү.

Сынактын мазмуну ар бир тур үчүн өз-өзүнчө аныкталат жана ага төмөнкүлөр кирет: педагогикалык тажрыйбанын презентациясы, мастер-класстар, конкурстук сабактар жана өзүн өзү анализдоо.

Сынактын финалына Кыргыз Республикасынын ар бир облусунан бир гана катышуучу – сынактын үчүнчү этабынын жеңүүчүсү көрсөтүлөт.

Сынак эки турда өтүп, 3 сынактык иш-чараны камтыйт.

I тур:

- Педагогикалык тажрыйбанын презентациясы (15 мүнөткө чейин аткаруу, калыстар тобунун мүчөлөрүнүн суроолоруна 15 мүнөткө чейин жооп берүү);

- Мастер-класс (20 мүнөткө чейин).

II тур:

- Сынактык сабак (40 мүнөт), өзүн өзү анализдөө (5 мүнөткө чейин).

Сынактык сабактын темасы калыстар тобу тарабынан сынак өткөрүлүп жаткан жалпы билим берүү уюмунун календардык-тематикалык планына ылайык аныкталат.

Сынактын номинациялары

Ар бир этапта сынак 3 номинация боюнча өткөрүлөт:

- “Жылдын мыкты мугалими” (5 жылдан ашык педагогикалык стажы барлар арасында);

- “Педагогикалык дебют” (5 жылдык педагогикалык стажы барлар арасында);

- “Мыктынын мыктысы” (педагогикалык стажга талап коюлбайт).

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2021-жылдын 5-октябрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер берилет.

 

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы