Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

«Мыкты окутуучу» сынагы жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2020-2021-окуу жылында профессордук-окутуучулук курамынын арасында “Мыкты улук окутуучу” жана “Мыкты окутуучу” сынагы жарыяланып, II этап менен өткөрүлгөн.

Конкурстун жүрүшү жогорку билим берүү жана колледж боюнча өткөрүлдү, ага окуу жайдын доценттери, улук окутуучулары жана окутуучулары катышышты. Сынакка катышуучулар факультеттердин усулдук комиссиялары тарабынан сунушталды. Сынактын II этабында конкурсанттардын 2019-2020 жана 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгындагы иштеринин жыйынтыктары, мында окутуучулардын эмгектери, интернет желесине жана AVN порталына жайгаштырылган онлайн сабактардын топтому каралды.

Мындан сырткары сынакта катышуучулардын илимий эмгектеринин тизмелери, алган сыйлыктары, электрондук версиядагы лекциялары, ачык сабактын анализи жана видео-сабактардын топтомдору белгиленген.

Сынактын жыйынтыгы өткөн окуу жылынын аягында атайын отурумдун негизинде конкурстук комиссия тарабынан ачык добуш берүү жолу менен чыгып, жеңүүчүлөр аныкталган. Сынактын жеңүүчүлөрү 7-октябрда өткөн мугалимдер күнүнө арналган салтанатта сыйланып, анда III орундун ээлерине жаңы үлгүдөгү уюлдук телефон, II орунду ээлегендерге планшет жана башкы I орунду багындырган окутуучуларга жогорку сапаттагы ноутбук, диплом тапшырылды.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР:

Колледждин “Мыкты окутуучулары»

1-орун Пазылова Зарина

2-орун Аскарова Гүлкайыр

3-орун Жумабаев ЭрТөштүк

Жогорку билим берүүнүн «Мыкты окутуучулары»

1-орун Орозалиева Таттуугүл (КРФ)

2-орун Жаркынбаева Алтынай (КРФ)

3-орун Бекмуратова Наргүл (ГУМ ФАК)

«Мыкты улук окутуучулар»

1-орун Рахманова Элиза (Гум Фак)

2-орун Сагынбаева Гүлзада (ТТжГФ)

3-орун Наркеева Акылай (КРФ)

Сынак ОшМПУнун Билим берүүнүн сапаты бөлүмү жана Окуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ал окуу жайдын билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук-окутуучулук курамдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатын көздөйт.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы