Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Мугалимдердин айлык-акысын 25 пайызга жогорулатуу сунушталды.

Билим берүү жана илим министирлигинин 2020-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясы болуп өттү. Министирлик бир жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы менен катар алдыга койгон иш-пландары менен тааныштырды.

Жыйында аймактардагы мектептердин курулушуна өзгөчө көңүл бөлүнүп, мугалимдердин статусун жогорулатуу жана алардын жашоо шартын жакшыртуу, жаш кесипкөй кадрларды тартуу ж.б бир катар маселелер талкууланды. Коллегияга катышкан айрым эл өкүлдөрү тарабынан сапаттуу билим алууну шарттоо үчүн мугалимдердин айлык-акысын 25 пайызга жогорулатуу сунушталды.