Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Министр менен болгон жолугушуу.

КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов менен жолукту. Жолугушууда билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу маселелери талкууланды. Министр изилдөө жүргүзүп жаткан педагогдорду колдоо маселесине өзгөчө көңүл бурду.  Ошондой эле эмгек акыны эсептөөнү автоматташтыруу анын эффективдүү иштешин камсыз кылып, бюджеттик каражаттарды максатсыз жумшоолорго бөгөт коё турганы белгиленди.