Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

“Манасым менен улуумун”

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Манасым менен улуумун” аттуу атайын иш-чара болуп өттү. Саамалыкты уюштурууга окуу жайдын жаштар комитети менен студенттик профсоюз уюмунун мүчөлөрү активдүү катышты. Жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн «Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн» республикалык фестивалдын Манас айтуу боюнча лауреаты, ЖАМУнун студенти Айдай Шерикбай кызы “Манас” эпосунан үзүндү айтып, элдин көңүлүн көкөлөтүп, жаркын маанайдын түзүлүшүн шарттады. Айрыкча керней, сурнай, добулбастын коштоосу көнүлдү кандайдыр бир кереметтүү сезимдерге толтуруп турду. Андан ары улай эле Манастын урпагыбыз деген сыймык менен 100дөй студент чогуу айлананы жаңырта Манас айтышты.

“Мындай иш-чараларды өткөрүү аркылуу “Манас” эпосун жаштар арасында жайылтууну, жаштарды мекенчилдикке, баатырдыкка тарбиялоону, улуу эпосту урпактарга калтырууну максат кылганбыз.” -  дейт ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы А.Усенов.

Ал эми Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Экономикалык-юридикалык бөлүмүнүн укук таануу адистигинин студенттеринин арасында Манас эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо максатында “Манас таануу”  интеллектуалдык  таймашы өткөрүлдү  Таймашта укук таануу адистигинин I-II-III-курстарынын студенттери Сейтек, Бакай, Чоң казат аталышындагы үч топко бөлүнүп  катышышты.Таймаштын жүрүшүндө студенттер Манас эпосундагы каармандардын образдарын чагылдыруу менен чектелбестен, Манастын жети осуятын укуктук ченемдердеги чагылдырылышын талкуулашты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими боюнча жеңүүчүлөр I-II-III-даражадагы дипломдор менен сыйланышкандыгын колледждин баштапкы кесиптик уюмунун жетекчиси А.Ыстамбаев билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова