Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Манас таануу боюнча акыл ордо

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 4-декабрь “Манас” күнүнө карата Манас таануу багыты боюнча факультеттер аралык интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Жаштарды билим алууга үндөгөн бул акыл таймашка университеттин бардык факультеттеринен бирден команда катышып, жогорку деңгээлде өттү. Оюндун жүрүшү «Манас» бөлүмү, Жер-суу аттары, күтүлбөгөн суроо, макал-лакаптар менен коштолуп, катышуучулар бир топ кызыктуу маалыматтарды ала алышты.

Акыл таймаш кызуу уланып, калыстар тобунун чечими жана командалардын алган упайына ылайык 1-орунду Музыкалык педагогикалык факультетинин «Чыгаан» командасы , 2-орунду Гуманитардык факультетинин «Аруунур» командасы, ал эми 3-орунду Табият таануу жана география факультетинин «Көкжал» командасы ээлешти. Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан жана жеңүүчү аталган командалар уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек аталган  иш чара ОшМПУда өтүп жаткан 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата «Күйүттөн үмүткө: Айтматов жана Осмонов» жана 4-декабрь-«Манас күнүнө» карата жарыяланган жумалыктын алкагында Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду.

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы