Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Мамлекеттик тилге арналган семинар

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаш окутуучулар, катчылар, методист жана лаборант кызматкерлери үчүн иш кагаздарын жүргүзүү, жазуу нормалары жана орфографиялык эрежелер боюнча семинар өткөрүлдү.

Окуу жайында мамлекеттик тил күнүнө карата декада жарыяланып, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралар пландаштырылган. Декаданын алкагында 21-22-сентябрь күндөрү “Кызматта жарабаса керегине, Кыргызга кыргыз тилдин кереги не" аталышында эки күндүк семинар өткөрүлдү. Семинардын биринчи күнү кыргыз тилинин жазуу эрежелерине арналды, тажрыйбалуу тилчи окумуштуулар, сөздөрдү туура жазуу, орфографиялык эрежелерди так сактоо боюнча практикалык сабактарды өтүштү. Кийинки күнү окуу жайда көп колдонулуучу жана такай аткарылуучу иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү эрежелерине арналды. Семинарга ОшМПУнун жаш окутуучулары, иш кагаздары менен иштөөчү кызматкерлер катышышты. Семинарды кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Ж.Джумаева ж.б. тилчи окумуштуулар өтүшүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы