Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Мамлекеттик тилдин учурдагы көйгөйлөрү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн отуз жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин расмий макам алгандыгынын отуз эки жылдыгына карата “Мамлекеттик тилдин көйгөйлүү маселелери” аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференция болду. Конференция санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен онлайн жана реалдуу режимде уюштурулду. ЖАМУнун  окуу иштери боюнча проректору А.П.Алибаев баш болгон илимий даражалуу профессор-окутуучулар,  аспирант – изденүүчүлөр,  КРдин Прездентинин Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн социалдык, мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г.Ашырова, Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, академик С.Ж.Мусаев, КРнын улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору А.А.Акматалиев, КРнын улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсу, п.и.д., Ж.Баласагын атындагы мамлекеттик университеттин профессору Н.И.Ишекеев, Кыргыз илим изилдөө академиясынын бөүм башчысы, филол.и.д., профессор, кыргыз эл жазуучусу С.О.Байгазиев, ОшМУнун, КРУИАнын, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин, Талас мамлекеттик университетинин, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин, Кыргыз-өзбек университетинин окумуштуу илимпоздору жана журналисттер катышышты.

Конференцияда мамлекеттик тилди колдонуу, аны кеңири жайылтуу ж.б. проблемалар талкууланды.

 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова