Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси

 

2020-жылдын 21-январь күнү Кулунду айылынын И.Раззаков атындагы орто мектебининде Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси өткөрүлдү. Коллегияга бөлүмдүн аппаратынын кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы, жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору катышып , иш чаранын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер каралып, 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү 2020-жылдын 8-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн иш план тааныштырылып, талкууланып, бекитилди.

Ошондой эле, И.Раззаков атындагы жана “Кыргызстандын 40 жылдыгы” орто мектептеринде жогорудагы Президенттин Жарлыгына ылайык темаларды камтыган семинарлар өткөрүлдү жана Мамэкотехинспекциянын Баткен областтык башкармалыгынын эскертмесине ылайык өрт коопсуздугун алдын алуу жөнүндө маселелер каралып, билим жана илим кызматкелеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич тарабынан мектеп мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерге каникул учурунда эмгек акынын төлөнүшү боюнча кеңири маалымат берилди.